"Тарыхта алгачкы жолу". Садыр Жапаров Бахрейндин королу менен болгон сүйлөшүүдө эмнелерге токтолду?

Бүгүн, 21-апрелде президент Садыр Жапаров Бахрейн королдугуна расмий сапарынын алкагында король Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, өлкө лидерлери Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнүн пайдубалын түзө турган бардык деңгээлдеги алакаларды арттыруунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Бахрейн королдугуна расмий сапар менен барышы ал үчүн зор сыймык экенин өзгөчө баса белгиледи. Ал эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачкан бул сапардын символдуулугун белгилеп, өз ара пайдалуу өнөктөштүк мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров король Хамад бин Иса Аль Халифаны Кыргызстанга жооп иретинде сапар менен келип кетүүгө чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан