Израилде акула туристтердин бирин жеп кеткендиги айтылды (видео)
Израилдин Хадера аймагындагы суу жээгинде акула кишиге кол салды. Бул туурасында Mash телеграм-каналы билдирди.
Маалымдалгандай, ал киши дайынсыз жоголду. Бул акыркы 75 жылда бул аймакта жырткычтардын кол салуусунун экинчи учуру.
"Өзгөчө кырдаалдар кызматы пляжды белгисиз мөөнөткө жапты. Азыр ал жерде адистер иштеп жатат. Акула кол салган жарандын дене мүчөлөрү кургактыкка чыгып калышы мүмкүн. Кол салуудан бир аз мурда туристтер акуланы жээкке жакын жерден тартып алышкан", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, буга чейин акыркы 75 жыл ичинде акулалардын адамга биринчи кол салуусу ушул жылдын январь айында болгон. Анда аз жерден балыкка барган жаран жырткычтын курмандыгы болуп кала жаздаган.