Бүгүн, 21-апрелде президент Садыр Жапаровдун Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктаган соң бир катар документтерге кол коюшту. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирип, тизмесин жарыялады.
- Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Аба катнаштары жөнүндө макулдашуу;
- Экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Маданият тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Юстиция жана сот адилеттиги тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Эки өлкөнүн соода-өнөр жай тармагындагы кызматташуусу боюнча макулдашуу.