Рим папасы Францисктин өлүмүнүн себеби айтылды

Рим папасы Франциск инсульттан улам каза болгонун Vatican News порталы маалымдады.

"Рим папасы Франциск инсульттан жана калыбына келгис жүрөк-кан тамыр оорусунан улам көз жумду", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ал жүрөгү токтой электе комага түшүп калган. Соңку айларда Франциск пневмония менен жабыркап, дарыланып келген.

Белгилей кетсек, Католик чиркөөсүн 12 жылдан ашык жетектеген Рим папасы кечээ, 21-апрелде көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан