Казакстанда акимдин орун басарына ок атуу болду

Белгисиз адам Шымкент шаарынын вице-мэри Руслан Берденовго ок атып, ал жаракат алды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-апрель күнү кечинде болгон. Анда акимиаттын алдынан белгисиз адам ага ок чыгарган. Айрым маалыматтарга караганда, ок атуу кызганычтан улам болгон. Ок аткан адам Руслан Берденовдун кол алдындагы кызматкери экени айтылды.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Полиция окуянын бардык жагдайлары аныкталарын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан