Трамп жубайы менен бирге Рим папасынын жаназасына катышат

АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы менен бирге Рим папасы Францисктин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышарын билдирди.

"Мелания экөөбүз Рим папасы Францисктин жаназасына барабыз. Биз аны чыдамсыздык менен күтүп жатабыз!" - деп жазган ал Truth Social социалдык түйүнүндө.

Буга чейин италиялык басылмалар папаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты ушул жуманын аягында болорун жазып чыгышкан.

Эске салсак, Католик чиркөөсүн 12 жылдан ашык жетектеген Рим папасы кечээ, 21-апрелде 88 жашында дүйнөдөн кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан