Индия Рим папасынын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө аза күтүү күнүн жарыялады 

Индиянын Ички иштер министрлиги Рим папасы Францисктин өлүмүнө байланыштуу улуттук аза күтүү күнүн жарыялады. Бул тууралуу Орусиянын "РИА новости" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, аза күтүү күнү үч күнгө созулуп, сөөктү акыркы сапарга узатуу күнү жыйынтыкталат.

"Каза болгон атактуу адамга урмат көрсөтүү иретинде Индия боюнча үч күндүк мамлекеттик аза күтүү күнү жарыяланат. Ал төмөнкү тартипте белгиленет: 22-23-апрель күндөрү эки күндүк аза күтүү күнү жана сөөктү узатуу күнү бир күндүк аза күтүү күнү", - деп жазылган Индиянын Ички иштер министрлигинин сайтында.

Эске салсак, Католик чиркөөсүн 12 жылдан ашык жетектеген Рим папасы Франциск кечээ, 21-апрелде 88 жашында дүйнөдөн кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан