Президент Садыр Жапаров кардинал Кевин Фарреллге Рим папасы Францисктин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
"Рим папасы Францисктин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана Ыйык Тактыга, бардык католиктерге аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам.
2024-жылдын 4-октябрындагы Рим папасы Франциск менен Ватиканда болгон жолугушуумду ар дайым жылуу сезимдер менен эстейм. Дүйнөдө гуманизмди, толеранттуулукту, кечиримдүүлүктү, кайрымдуулукту жана мамлекеттер ортосунда өз ара түшүнүшүүнү сактоого Рим папасынын кошкон чоң салымы дүйнөлүк коомчулуктун эсинде кала берет", - деп айтылат анда.