АКШнын ички коопсуздук министринин акча, документ салынган сумкасы уурдалды 

АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин документ, акча салынган баштыгы Вашингтондогу ресторанда уурдалды. Бул тууралуу Орусиянын "РИА новости" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Ноэм жекшемби күнү кечинде Вашингтондун борборундагы ресторанда тамактанып жаткан учурда уурунун курмандыгы болгон.

"Уурдалган сумкада айдоочулук күбөлүк, үйдүн ачкычы, паспорт, кызматтык билет, косметикалык сумка жана 3 миң долларга жакын акча каражаты болгон", - деп билдирген Кристи Ноэм жергиликтүү басылмаларга.

Ал эми ишти тергөөгө алган кызмат ресторандагы байкоочу камераларды колдонуп, баштыкты медициналык беткап кийген адам уурдап кеткенин көрүшкөн. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан