Эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар жарандар алдын ала милдеттүү төлөмсүз өлкөдөн чыга алышат. Мындай чечимди салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов демилгелегенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Шыкмаматов 1000-2000 сомдук карызы барлар өлкөдөн чыга албай, алардын дарылануу, окуу жана иш сапарлары үзгүлтүккө учураган учурлар көп экенин белгилеген.
"Чек арадан өтүп жатканда 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз текшерүү керек. Ал эми кичине карызы барлар өзгөчө шашылыш же маанилүү жагдайлар болгон учурда жаран тынч учуп барып келиши керек", - деген ал.
Ошондой эле Салык кызматы жакын арада жарандар карызын ашыкча түйшүк тартпастан QR-код менен төлөп, сапарын уланта аларын билдирди. Мекеме мындай жаңычылдык адамдардын эле түйшүгүн жеңилдетпестен, салыктын чогулушун да арттырат деп күтүүдө.