Чүйдө айдоочу рулга ээ боло албай даракты сүзүп, унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 21-апрелде саат 22:00 чамасында болгон. Анда Воронцовка-Бишкек унаа жолунун 1,200 чакырымында БМВ үлүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай карама-каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги даракты сүзүп, унаа күйүп кеткен.
Натыйжада БМВ’нын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон.