Кара-Балтада таңга жуук кафенин алдында мушташ болгон. Милиция шектүүнү кармады

Кара-Балта шаарында 36 жаштагы киши өзү менен курдаш адамдын ден соолугуна залал келтирген делип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2-апрелде саат 05:00 чамасында кафелердин биринде болгон. Анда 36 жаштагы эки жаран чырдаша кетишип, бири экинчисин таш менен башка урган. Натыйжада жабырлануучу ооруканага жаткырылып, шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан