Талас облусунда окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, №13 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейде иш жүзүндө окубаган жана өлкө аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.