Кыргызстандык окуучу 476 миң доллар грант менен АКШдагы университетке өттү

Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин бүтүрүүчүсү Эмильбек Бакиров АКШ, Катар жана Канаданын алдыңкы университеттерине кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бакиров жалпы суммасы 476 миң долларды түзгөн толук каржылоо менен кабыл алынган. Ал окуу жайлардын ичинен Carnegie Mellon University Qatar университетин тандаган.

Carnegie Mellon University Qatar - АКШнын эң мыкты изилдөө университеттеринин бири болгон, Carnegie Mellon University'нин эл аралык кампусу. Университет компьютердик технологиялар жана бизнес тармагындагы жетишкендиктери менен белгилүү.

"Эмилбек өзүнүн билимин жана тажрыйбасын социалдык тармактар аркылуу курдаштары менен бөлүшүп келет. Ал кыргыз билим берүү системасы биздин жарандарга жаңы бийиктиктерди багынтууга жана белгисиздиктен коркпоого жардам берерин ачык көрсөткөн жаркын мисал. Биз жараныбыз менен сыймыктанабыз жана анын ийгилиги биздин өлкөнүн мектеп окуучуларын жана студенттерин шыктандырат деп ишенебиз", - деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан