Ошто кылмыш аракетин жабуу үчүн милицияга пара сунуштаган жигит кармалды (видео)

Ош шаарында милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде милицияга бир жаран арыз менен кайрылып, 13-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамасында ага өзүн Мухамедали деп таанышытырган жигит күч колдонуп, ыплас аракеттерди жасаганын айткан.

Мындан улам шектүүнүн өздүгү аныкталып, милиция бөлүмүнө чакырылган. Ал келгенде тергөөгө чейинки текшерүү ишин оң чечип берүү үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган. 19-апрелде шектүү пара катары 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалган.

Шаардык милиция андан жазылган арыз боюнча да шектүү катары сурак алынганын кошумчалады.

22.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан