Өлкөдөгү бир катар мэрлер Орусияда окуудан өтүшүүдө

Кыргызстандын бир катар шаарларынын мэрлери Орусия президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясында (РАНХиГС) бир жумалык окуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, алар агенттик тарабынан уюштурулган атайын окуу программасынын алкагында барышкан.
"Бул программа “Заманбап шаарды өнүктүрүүнү башкаруунун жаңы технологиялары” деген аталыш менен бир жумалык интенсивдүү окутуу форматында өтүп, мэрлерге шаарларды башкарууда дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, жаңы технологияларды жана стратегиялык инструменттерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.
Программа 2024-жылдын 21-октябрында Агенттик менен РАНХиГСтин ортосунда кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
Анын максаты — шаарларды туруктуу өнүктүрүү, башкарууну модернизациялоо, инновациялык чечимдерди колдонуу жана эл аралык тажрыйбалар менен бөлүшүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчтөндүрүү.
Делегацияга агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев башчылык кылууда. Ошондой эле курамда президенттин жана Министрлер кабинетинин кызматкерлери, Ж. Абдрахманов атындагы АГУПКРнын жетекчилиги жана төмөнкү мэрлер бар:
  • Темирболот Абыкеев – Баткен шаарынын мэри;
  • Арнабек уулу Азамат – Балыкчы шаарынын мэри;
  • Максат Нусувалиев – Токмок шаарынын мэри;
  • Мирлан Джекшенов – Кара-Балта шаарынын мэри;
  • Алтынбек Жумаев – Майлуу-Суу шаарынын мэри;
  • Келсинбек Бектемиров – Таш-Көмүр шаарынын мэри;
  • Улан Майлибашев – Кант шаарынын мэри;
  • Болот Абдыжапаров – Сүлүктү шаарынын мэри;
  • Алтынбек Бектуров – Кызыл-Кыя шаарынын мэри;
  • Нуртилек Орозбаев – Кара-Көл шаарынын мэри.
Программанын жүрүшүндө мэрлер атайын семинарларга, мастер-класстарга жана тажрыйбалык тренингдерге катышат.
Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин демилгеси менен жүзөгө ашып жаткан бул долбоор жергиликтүү жетекчилердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, калк менен натыйжалуу иш алып баруу жөндөмдөрүн бекемдөөгө жана аймактык өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине чыгууга багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан