Жаан жаайт. Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Синоптиктер билдиргендей, эртең, 23-апрелде Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми бийик тоолуу региондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +17 ... +22;

Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +15... +20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5... +10, күндүз +17... +22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +10 ... +15;

Нарын дубанында түнкүсүн +1 ... +6; күндүз +8... +13;

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6 ... +8, күндүз +20.. +22 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан