Жалал-Абад шаарындагы №1 М.Бабкин атындагы мектептин 6-классынын окуучулары Альбина Самаганова жана Айлин Есеналиева эл аралык олимпиадада математика сабагынан I орунду багындырышты.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, сынак 25-мартта Дубай шаарында өткөн.
Окуучуларды жана алардын ата-энелерин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктап, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Белгилей кетсек, Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадага сегиз мамлекеттен 3000ден ашуун окуучу катышкан.