Жумгал районунда 3 жаранга айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, аларга психикалык жактан оорулуу катары каттоодо тургандарына карабай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлери оорубайт деген медициналык маалым каттарды беришкен. Анын негизинде аларга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Жумгал сектору тарабынан "В" жана "С" категориясындагы айдоочулук күбөлүктөр берилген.
Аталган факты боюнча Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.