Дагы ийкемдүүлүк, пайда жана ыңгайлуулук — Beeline менен бул мүмкүн! Эми байланыш жана көңүл ачуу үчүн акысыз бонустар жаңы апталык «Бул 20 ГБ», «Бул 30 ГБ» жана «Чексиз апта» тарифтеринде жеткиликтүү.
Бонустарды кошуу жана өзгөртүү «Мой Beeline» мобилдик колдонмосундагы Бонускана аркылуу толугу менен акысыз. Сизге керектүү нерсени тандап, тарифти өзүңүзгө ылайыкташтырыңыз:
- Мессенджерлерге чексиздик – WhatsApp жана Telegram’да негизги трафикти коротпостон жана 5 ГБ чейин үнөмдөө менен баарлашыңыз.
- Wi-Fi чексиз таратуу – башка түзүлүштөргө тариф боюнча топтомдон интернетти чектөөсүз таратыңыз.
- Музыкага чексиздик – Spotify, «Яндекс музыка» жана Apple Music'деги сүйүктүү тректериңизди трафикти коротпостон жана 8 ГБ чейин үнөмдөө менен угуңуз.
- «Этномедия» – өзүңүз үчүн кыргыз тасмаларынын, сериалдарынын жана мультфильмдеринин ири онлайн-кинотеатрын ачыңыз.
- Нөл болгондо байланышта – балансыңыз нөл болсо да байланышта болуңуз: үч күндүн ичинде Beeline тармагын ичинде (күнүнө 5 мүнөт), WhatsApp’та байланыша аласыз, «Яндекс Go» такси чакырууга жана MBank, Optima24, RSK24 жана DemirBank сыяктуу банктык тиркемелерди пайдаланууга болот.
- Түнкү чексиздик – түнкү саат 1:00дөн таңкы 7:00гө чейин чектөөсүз тез интернеттен ырахат алыңыз.
- Түйүндөн тышкары 20 мүнөт топтому – КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалыңыз.
Артыкчылыктар ушуну менен эле бүтпөйт! 2025-жылдын 30-июнуна чейин акция иштейт: жаңы жумалык тарифтерди кошкон абоненттер негизги интернет-топтомго кошумча 10 ГБ алышат.
Мындан тышкары, жаңы апталык тарифтерде «Beeline'дан Бонус» опциясы жеткиликтүү. Ар бир үчүнчү абоненттик төлөм үчүн акысыз топтом — 20 ГБ интернет 14 күнгө берилет. Бул бонусту алуу үчүн үч апта бою өз убагында тарифти төлөө керек.
Акысыз бонустар менен жаңы апталык «Бул» тарифтерин туташтырыңыз жана ашыкча чыгымдарсыз баарлашуу жана көңүл ачуу эркиндигин ачыңыз.
Бул мүмкүн! Бул Beeline!