Садыр Жапаров  Бахрейндин Борбордук банкынын төрагасы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Бахрейндин Манама шаарына расмий сапарынын алкагында Бахрейндин Борбордук банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө финансы-банк тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги, анын ичинде инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Президент Садыр Жапаров Бахрейн бүгүнкү күндө натыйжалуу экономикалык жана финансылык саясаттын үлгүсү болуп саналарын, ошондой эле Жакынкы Чыгыштын жана аймактын таанылган банк борбору экенин белгиледи.

"Мамлекет башчысы Кыргызстандын банк системасы да өнүгүү баскычында экенин, республикада банк ишин ислам принциптерине ылайык жүргүзүү үчүн мыйзамдык база түзүлгөнүн баса белгиледи. Калк арасында ислам банкинг кызматына суроо-талап өсүп жатканын эске алуу менен Садыр Жапаров Бахрейн тараптын катышуусунда Кыргызстанда жаңы ислам коммерциялык банкын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мамлекет башчысы бул долбоорду ишке ашыруу Борбор Азиянын 80 миллиондон ашык калкы бар бизнес секторун камтууга мүмкүндүк берерин жана убакыттын өтүшү менен ислам принциптери менен иштеген аймактагы эң ири банкты түзүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Хасан Халифа Аль-Жалахма Садыр Жапаровдун иш сапарына өзгөчө маани берерин баса белгилеп, Улуттук банк жана өлкөнүн башка каржы институттары менен кызматташууну тереңдетүүгө толук даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан