
Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча XXXXVII эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Орусия, Германия , Ирак, Азербайжан, Монголия, Түркмөнстан, Беларусь жана Испаниядан келген 200дөн ашык спортчу катышат.
Билдирүүгө ылайык, 29-апрель күнү башталган мелдеш 3-май күнү жыйынтыкталат.
Мушкерлер 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 килограмм салмак категорияларында күч сынашат.