Ватикан Рим папасы Францисктин табыттагы алгачкы сүрөттөрүн жарыялады

Ватикан өлкөсү социалдык тармактарга Рим папасы Францисктин табыттын ичиндеги алгачкы сүрөттөрүн жарыялады.

Ошондой эле социалдык тармактарга Рим папасы Франциск менен коштошуу зыйнатынан дагы видеону жарыялашкан. Ошондой эле Ватикан Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу кайсы датага белгиленгенин жазды.

"Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнаты ишемби күнү, 26-апрелде саат 10:00дө Ватиканда болот", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Католик чиркөөсүн 12 жылдан ашык жетектеген Рим папасы Франциск кечээ, 21-апрелде 88 жашында дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан