Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын уулу, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган президент болгусу келбей турганын билдирди. Ал иш убактысынын көбүн билим берүү жана маданий долбоорлорго арнай турганын айткан.
"Менин эч кандай саясий амбициям жок. Менден бул тууралуу сурашат, бирок мен бейөкмөт сектордо калып, жарандык коом менен иштешип, жаштарды өзүнө жакын болгон нерсеге жоопкерчиликтүү болууга шыктандыргым келет...
Мен эң таланттууларды жана жаркын адамдарды өз кыялдарын ишке ашыруусу үчүн колдойм. Мен дагы маданиятты жаңы муундарга өткөрүп берүү үчүн мурасты сактап, кайра жандандыруунун үстүндө иштейм. Мен өмүрүмдү ушул нерсеге арнагым келет", - деп жазат анын сөздөрүн ТАСС агенттиги.