Келерки "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи качан болору маалым болду

АКШдагы эң абройлуу "Оскар" сыйлыгынын кийинки тапшыруу аземи 2026-жылдын 15-март күнү өтөт. Бул тууралуу америкалык киноакадемияга таянып дүйнөлүк басылмалар жазышты.

"Академиянын башкаруучулар кеңеши 98-"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи үчүн сыйлык берүү эрежелерин жана кампанияларды өткөрүү тартибин бекитти. “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2026-жылдын 15-мартында ABC телеканалы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2-мартта Лос-Анжелес шаарындагы "Долби" театрында өттү. Эң мыкты тасма "Анаро" аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан