3-майда Азербайжанда Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнүнө арналган концерт өтөт. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-майда Баку шаарындагы М.Магомаев атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясында Азербайжандын Маданият министрлиги, Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Азербайжан филармониясынын уюштуруусунда Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнүнө арналган “Бирдик руху” аттуу концерт өтөт.
“Концерттик программада Ниязи атындагы Азербайжан мамлекеттик симфониялык оркестри (дирижёрлор Ялчын Адгозалов жана Канат Омаров) жана Казакстандын «Туран» фольклордук ансамбли катышат. Программада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Венгрия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын композиторлорунун чыгармалары жана элдик ырлары жаңырат”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, аталган майрамдын 80 жылдык тарыхы бар. Бул тарыхый күн биринчи жолу 1944-жылы 3-майда Түркияда – Топхана аскердик түрмөсүндө түркчүлүк үчүн күрөшкөн туткундар тарабынан белгилене баштаган.