Бишкекте кибер коопсуздук боюнча талкуу болду

Бүгүн, 22-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков Эл аралык электр байланыш союзунун электр байланышын өнүктүрүү бюросунун директору Космас Лакисон Завазава менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда санарипти өнүктүрүү, кибер коопсуздук боюнча өз ара кызматташуу тууралуу талкуу болду. Мурадил Сыдыков ыкчам өнүгүп жаткан санарипти дүйнөлүк стандарттардын талабына шайкеш келтирүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин белгиледи.

"Жогорку Кеңеш ушул тапта Санарип кодексинин долбоорун карап жатат. Мамлекет башчысы кодекске кол койсо, болжол менен эки айдын ичинде ал күчүнө кирип, иштеп баштайт. Санарип боюнча Бишкекте өтө турган форум баарыбыз үчүн ийгиликтүү болушун каалайм", - деди ал.

Өз кезегинде Космас Лакисон Завазава алардын уюму телеграф жаңы пайда болгон доордо – 1868-жылы түзүлгөнүн жана узун тарыхы бар экенин айтып, санарип тармагы боюнча дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү жана миңдеген жеке секторлор менен кызматташарын билдирди.

"Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык, 2030-жылга чейин көп мамлекеттер толугу менен санариптешүүгө жетишүүнү каалашат. Сиздер да өз убагында Санарип кодексин кабыл алып жатканыңыздар кубандырат", - деди электр байланышын өнүктүрүү бюросунун директору.

"Баарлашууда депутат Мурадил Сыдыков санарип тармагы боюнча аталган уюмдан пайдалуу сунуш-пикирлерди күтөрүн жана анын үстүнөн иш жүргүзүлөрүн билдирди", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан