Армения парламентинин бүгүнкү, 22-апрелдеги жыйынында бийликчил депутаттар менен оппозициянын ортосунда мушташ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, буга парламент спикери Ален Симоняндын "Айастан" фракциясынын ичиндеги чатак тууралуу билдирүүсү себеп болгон. Анын сөзүнө депутат Гарник Даниелян дароо каршы чыгып, андан соң жаралган талашка оппозициянын башка өкүлдөрү да кошулган. Ошентип ооз эки жаңжал мушташка чейин жеткен.
Бир нече мүнөттөн кийин мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери жаңжалдын катышуучуларын бөлүү үчүн залга киришкен. Андан соң спикер 20 мүнөттүк тыныгуу жарыялаган.