
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Хух-Хото шаарында (Кытай-Ички Монголия) өтүп жаткан Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда.
16-апрель күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 30-апрелде жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 55 кг Арууке Кадырбек кызы;
- 57 кг Сезим Жуманазарова;
- 59 кг Таңчолпон Кыбалбекова;
- 62 кг Калмира Билимбек кызы;
- 65 кг Дилназ Сазанова;
- 68 кг Мээрим Жуманазарова;
- 68 кг Гүлнура Таштанбекова;
- 72 кг Нурзат Нуртаева;
- 72 кг Кайыркүл Шаршебаева;
- Нурдин Донбаев – улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2025-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.