Университеттин президенти Алан Гарбердин 21-апрелде жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, Гарвард университети АКШ сотуна президент Дональд Трамптын администрациясына университетке 2,2 миллиард доллардан ашык субсидиялардын тоңдурулганы боюнча доо арыз менен кайрылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
"Биз каржылоонун тоңдурулганын жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылдык, анткени бул мыйзамсыз жана өкмөттүн ыйгарым укуктарынан тышкары", - деди Гарбер.
Гарварддын президенти өз билдирүүсүндө өкмөттү университеттин үстүнөн «болбогон жана ашыкча көзөмөл» орнотууга аракет кылып жатат деп айыптап, бул аракеттердин кесепети олуттуу жана узакка созула турганын баса белгиледи.
Өткөн аптада Гарвард Трамп администрациясынын академиялык саясатын өзгөртүү талабын четке какты.
Буга жооп кылып, өкмөт университеттин 2,2 миллиард доллардан ашык гранттарын жана контракттарын тоңдурду жана анын чет элдик студенттерди кабыл алуу укугун жокко чыгарарын эскертти.