"Көп жылдан бери каралбай". Профсоюздар федерациясынан Иш башкармалыгына өткөн үч курорт ремонт болот

Ысык-Көлдөгү понсонат, курорттор толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилет. Бул туурасында Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалымдалгандай, профсоюздар федерациясынан өткөрүп алынган санаторий-курорт мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.
Бул мекемелер азыр Президенттин Иш башкармасына өтүп, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.
Быйыл бир катар маанилүү курорттордо капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Алар:
  • “Жети-Өгүз” курорту;
  • “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору;
  • “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаты.
"Бул мекемелер жаңыланып, заманбап шартта кайрадан элге жеткиликтүү болот. Мурун Профсоюздар федерациясынын карамагында болгон бул жайлар көп жылдан бери каралбай, жараксыз абалда калган. Азыр аларга экинчи өмүр берилип, мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу башкаруу киргизилди. Айрым мекемелерде кызматкерлердин айлык маянасы 70 пайызга чейин жогорулады. Бул багытта иштер уланууда — бардык кызматкерлердин эмгегин татыктуу баалоо үчүн кошумча чаралар көрүлөт. Мындан мурда “Жыргалаң” жана “Ысык-Ата” курорттору да Президентибиздин колдоосу менен толук оңдолуп, кайра ишке берилген. Бул — мамлекеттин социалдык туризмди өнүктүрүүгө жана элдин ден соолугуна кам көрүүгө болгон чечкиндүү кадамы", - деп белгилеген Туманбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан