Израиль Рим папасынын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтуусун кайра жокко чыгарды

Израилдин Тышкы иштер министрлиги Рим папасы Францисктин өлүмүнө байланыштуу бардык расмий аккаунттарындагы көңүл айтуу билдирүүлөрүн өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Католик чиркөөсүнүн башчысынын өлүмү тууралуу кабар чыккандан кийин Израилдин Тышкы иштер министрлигинин расмий баракчаларында Рим папасы Францисктин сүрөтү жарыяланып, "Жаткан жериң жайлуу болсун, Папа Франциск" деген билдирүүлөр тараган.

Бир нече мүнөттөн кийин эле Израил министрлигинин бардык көңүл айтуу билдирүүлөрү өчүрүлүп, министрлик көңүл айтуу билдирүүлөрүнүн өчүрүлүшүн ката менен түшүндүргөн.

Буга Рим папасынын буга чейин Газадагы окуялар боюнча Тель-Авивди айыптаганы себеп болушу мүмкүн. Тагыраагы, Рим папасы көзү тирүү кезинде Газадагы окуяларга бир нече жолу комментарий берип, ал жактагы окуяларды "согуш эмес, мыкаачылык" деп атап, Израилди "балдарга бомба таштап, аларды пулемёт менен кырып жатат" деп айыптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан