Кыргыз хоккейчилери Дүйнө чемпиондугунда экинчи ирет жеңишке жетишти (видео)

Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Стамбул шаарында өтүп жаткан үчүнчү дивизион боюнча Дүйнө чемпиондугунда өз тайпасында экинчи жеңишин камсыздады.

Кечээ, 22-апрелде Кыргыз курамасы Люксембург менен кез келип, 6:0 эсебинде утуп алган. Атаандаштардын дарбазасына Исламбек Абдыраев эки шайба киргизсе, Михаил Шувалов, Эрсултан Мирбеков, Мамед Сейфулов жана Владимир Носов бирден шайба киргизишкен.

Кыргыз хоккейчилери алгачкы жеңишин 22-апрелде Түштүк Африкага каршы өткөрүп, 5:2 эсебинде жеңген. Кийинки оюнун Кыргыз курамасы 24-апрелде Босния жана Герцеговинага каршы өткөрөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан курама командасы Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү дивизионунун "А" тайпасында ойноп жатат. Бул тайпада Кыргызстандан тышкары дагы беш команда бар. Алар Түштүк Африка менен Люксембургдан сырткары Босния жана Герцеговина, Түркмөнстан жана Түркия.

Тайпадан биринчи орунду алган команда экинчи дивизионго жолдомо алат.

Кыргыз хоккейчилери Дүйнө чемпиондугунда экинчи ирет жеңишке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан