Бишкекте алдамчылыкка шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр 15-февралда чала таанышын криптовалюта боюнча бизнеске инвестиция салууга көндүрүп, 30 миң долларын алдап кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген жигит Ош облусунун аймагынан кармалып, Бишкекке алынып келинди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.