Бишкекте үйүндө баңгизат өндүрүп келген делип 20 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте синтетикалык баңгизат өндүрүүгө жана сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга шектүү тууралуу маалыматтар түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, 20 жаштагы шектүү кармалган. Анын үйүн тинтүүдө химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар, тараза, идиштер, респираторлор табылган.

Ал үйүнө лаборатория уюштуруп, ага берилген формула аркылуу буулантуу процессин жүргүзүү менен баңгизаттарды өндүрүп келгенин айткан. Шектүүгө тапшырмалар Telegram аркылуу берилип турган. Ал кайра өндүргөн маңзаттарын катып, ал жерлердин сүрөттөрүн салып келген. Бул иши үчүн ал маяна алып турган.

Учурда алынган баңгизаттар экспертизага жөнөтүлүп, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан