3-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Этно маданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" аймагында ат чабыш оюндары өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, бул иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасынын кубогу коюлат.
Программада аргымактардын жарышы, кунан жорго, бышты жорго салмай, күлүк жорго, жорго салыш жана аламан байге ат оюндары каралган. Андан сырткары кыз куумай, эрегиш жана тыйын эңмей улуттук оюндары уюштурулат.
Байланыш үчүн номерлер: 0705 389-690; 0707 466-355; 0500 008- 009.