
Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына
түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө үчүн жерине 10 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Белгилей кетсек, Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала 20-апрель күнү түшүп кеткен. Кечээ издөө иштерине 116 адам тартылган болчу.
Кошумча маалымат берилет.