Америкалык баскетболчу Майкл Жордан карьерасында 4 миллиард 150 миллион доллар таап, тарыхтагы эң бай спортчулардын сап башын ээледи. Алардын тизмесин Sportico журналы жарыялады.
Экинчи орунда 2 миллиард 790 миллион доллар киреше тапкан гольф оюнчусу Тайгер Вудс турат. Алдыңкы үчтүктү 2 миллиард 230 миллион доллар байлыгы менен футболчу Криштиану Роналду толуктады.
Маалыматка ылайык, бул суммаларга эмгек акылар, бонустар, акчалай сыйлыктар, жарнама келишимдери жана автордук сый акылар, ошондой эле демөөрчү компаниялардын үлүштүк катышуусунан түшкөн каражаттар кирет. Киреше салыкка чейин көрсөтүлгөнү такталган.