Өкмөт желим баштыктарды импорт кылууга убактылуу тыюу салууну көздөйт

Кыргызстандын аймагына желим баштыктарды ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу токтом долбоорун Экономика министрлиги иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, токтом кечээ, 22-апрелде талкууга коюлган. Эгер токтом кабыл алынса, желим баштыктарды импорт кылууга алты айга тыюу салынат.

"Бул токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен баштыктарын пайдаланууну минималдаштыруу жолу менен экологияны сактоо, ошондой эле кагаз таңгактарды (пакеттерди) чыгаруу боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөргө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан