"Элге ушунчалык дух берип..." Камила Талиева Ташиевге ыраазычылык айтты (видео)

Бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын айтты.

Ал кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин башталышын "чоң жаңылык" деп белгиледи.

"Кыргыз мамлекетинин баатыры Камчыбек Кыдыршаевичке элдин атынан жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем. Мага ондогон аксакалдар чалып, муну микрофондон айтуумду өтүнүштү. "Сокурдун эңсегени көз" дегендей, өткөндө Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алдык эле. Эми элге барып ушунчалык дух берип, "президенттин тапшырмасын аткарганы келдим, чек арага зым тартуу иштерин баштайбыз" деп, мына элге чоң кубанычты жарыя кылды", - деди ал.

Эске салсак, Ташиев 18-апрелде Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери башталарын айткан.

Жогорку Кеңеш 23.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан