Бишкекте мушташкандардын бирине айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция 21-апрелде социалдык тармактарда унаа айдоочусу менен скутер айдоочусу мушташып жатканы тартылган видео тараары менен аларды аныктоо иштерин баштаган.
Жыйынтыгында Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып, ага Укук бузуулар кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде прокол түзүлүп, райондук сот тарабынан 5500 сом айып салынган.
Учурда буга катышы бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө.