Өлкөгө 1800 айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда айыл чарба секторун колдоо максатында жалпы суммасы 45,11 миллион долларды түзгөн каржылоо келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, бул каражат "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоорунун алкагында берилүүдө.

Каражат "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларын лизингге берүү максатында жумшалат. Бул долбоор өлкөнүн агрардык секторундагы техникалык жабдууларга болгон жогорку суроо-талапты канааттандырууга багытталган.

Долбоордун алкагында, агрардык сектордун техникага болгон муктаждыгынан улам дүйнөлүк рынокто болгон бааларды эске алуу менен биринчи этапта эле 1800 айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда. Анын ичинде:

  • 600 даана ар кандай маркадагы жана модификациядагы тракторлор;
  • 100 даана жыйноочу жана тоют жыйноочу комбайндар;
  • 1000ге жакын айыл чарба машиналары жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдуулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан