Бүгүн, 23-апрелде 2025–2026-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Учкун кичи районунда эскирген жылуулук түтүктөрдү алмаштыруу боюнча иштерин баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, оңдоо иштери Садовая көчөсү менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында 1994-жылы колдонууга берилген жана кызмат мөөнөтүн толук өтөп бүткөн, диаметри 377 миллиметр болгон түтүктөр алмаштырылууда.
Аталган иш-чаралар алдыдагы күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында аткарылууда.