"Сөөгү менен алса 780 сомго чыгып кетиптир". Жогорку Кеңеште эттин баасы боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү эттин баасы боюнча маселе көтөрүлдү.

Анда эл өкүлү Карим Ханжеза базарда жүргөндө ага жаран кайрылып, сөөгү менен чогуу эт алса 780 сомго чыгып кеткенин айтты.

"Эки күн мурун мен дүкөндө жүрсөм жарандарыбыздын бири эт саткан дүкөнгө алып барды. Ал дүкөндө сөөк менен чогуу эт алса 780 сомго чыгып кетти да. Анан "800, 900 сом эмне деген баа? Ушул маселени жыйында айтып коюңузчу" деп суранды. Ушуну карап коюңуздарчы, эттин баасы эмне себептен көтөрүлүп кетти? Эмне кылса болот?" - деди депутат.

Жогорку Кеңеште эттин баасы боюнча маселе айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан