"Коркунучтар болуп жатат". Депутат Сарыбашов экология маселесин көтөрдү (видео)

Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-апрелдеги жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов өлкөдөгү экология маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөдөгү мөңгүлөр тездик менен ээрип жатат.

"Биздин мөңгүлөр тууралуу Бириккен улуттар уюмунда дагы маселе көтөрүлдү. Мөңгүлөрүбүз бүгүнкү күндө тездик менен ээрип, айрымдары жок болуп кетүү коркунучунда турат. Ушундай экологиялык кризисти биз алдын алып, мамлекеттик деңгээлдеги иштерди жүргүзүшүбүз керек.

Президенттин иш башкармалыгы мөңгүлөрдүн ээрип кетишин алдын алуу боюнча 7 миллиард дарак отургузууну демилгелеп жатканын окуп калдым. Демек, бул жакшы нерсе, дагы кандай иштер болот? Биз эмне иш кылабыз? Глобалдуу маселенин үстүнөн өкмөт, Жогорку Кеңеш дагы тынымсыз иштерди алып барышыбыз керек.

Кыргызстандын мөңгүлөрү кокус жок болуп кетсе, Орто Азияга чоң зыян болуу коркунучу бар", - деп белгиледи эл өкүлү.

Президенттин, өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган депутат экология маселеси боюнча өкмөт менен Жогорку Кеңеш биргеликте тийиштүү иштерди алып баруу зарылдыгын кеп кылды.

Депутат экология маселесин көтөрдү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан