Эртең, 24-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми бийик тоолуу региондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +19 ... +24;
Талас жергесинде түнкүсүн +1... +6, күндүз +17... +22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +20... +25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +11 ... +16;
Нарын дубанында түнкүсүн +1 ... +6; күндүз +9... +14;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7... +9, күндүз +21... +23 градус болот.