Жайыл районунда ГАЗ-53 үлгүсүндөгү сүт ташыган унаанын газ баллону жарылып, 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-апрелде саат 05:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 64-чакырымында болгон. Анда аталган транспорт май куюучу жайдан метан газын куйгандан кийин жарылган.
Облустук милиция экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын жана май куюучу жайдын иши убактылуу токтотулганын белгиледи.