Чүйдө чек арада турган жоокер өзүн атып алды

Чүй облусундагы Ойронду чек ара заставасында нөөмөттө турган жоокер кызматтык куралы менен өзүн атып алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 14-апрель күнү болгон. Анда Чек ара кызматынын Ойронду заставасынын катардагы жоокери Б.А. аскердик милдетин аткарып жатып, кызматтык куралы менен кокусунан сол бутунун согончогуна ок чыгарып алган.

Ал алган жаракатынан улам Чүй облусунун Панфилов райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

"Бул окуя боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан