Жалал-Абадда бильярд боюнча дүйнөлүк чемпиондук башталды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен депутат Шаирбек Ташиев Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына катышты.

Парламенттен билдиргендей, мелдешке 20дан ашуун өлкөдөн 80ден ашуун оюнчу келген. Андан тышкары иш-чарада жергиликтүү спортчулар да күч сынашууда.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Азыгалиев мелдеш дүйнөлүк деңгээлдеги чыныгы профессионалдуулукту, тартипти, тактыкты жана, эң башкысы, эл аралык достукту чыңдоочу негизги аянтча экенин баса белгиледи.

Акыркы учурларда бильярд оюнуна кызыккан кыргызстандыктардын саны көбөйүп барат. Ал тургай эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларыбыз арбын. Дастан Лепшаков, Азиз Мадаминов, Канат Сыдыков өңдүү мекендештерибиз кыргыз бильярдын дүйнөлүк мелдештерде даңазалап, кызыл байрагыбызды бийиктерде желбиретип келишет”, – деди Азыгалиев.

Ал эми депутат Шаирбек Ташиев да ар бир спортчуга ийгиликтерди каалап, бильярд боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун Кыргызстанда өтүп жаткандыгы чоң мааниге ээ экенине токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан