Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Кечээ, 22-апрелде Вашингтондо Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын жыйындарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти доктор Мохаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда негизги басым энергетика жана калкты таза суу менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалды.

Адылбек Касымалиев ИӨБ менен өнөктөштүктүн Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгилеп, банктын үзгүлтүксүз колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү учурунда "Камбар-Ата ГЭС-1" долбоору өзгөчө көңүлгө алынды. Төрага бул ири энергетикалык долбоор боюнча даярдыктардын жүрүшү, техникалык-экономикалык негиздеме жана коңшу өлкөлөр – Казакстан жана Өзбекстан менен болгон өкмөттөр аралык макулдашуулар тууралуу маалымат берди.

Доктор Аль-Жассер Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, энергетика, таза суу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча долбоорлорду колдоого даяр экенин айтты. Мындан тышкары ИӨБ менен Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан турган биргелешкен техникалык топторду түзүүнү сунуштады.

Жолугушуу эки тараптуу документтерге кол коюу аземи менен жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан